Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-июну №15/3
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылынын калкын таза-суу менен камсыз кылуу жана суу түтүкчөлөрүн куруу жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылынын калкын таза-суу менен камсыз кылуу жана суу түтүкчөлөрүн куруу максатында
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көлдүк айылына таза-суу жүрүүчү түтүкчөлөрүн куруу үчүн тиешелүү жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Курулуштун техникалык экономикалык негиздемесин жасап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынан жана Алай райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кеңеш уулу Бектурсунга жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы:: | Н.Маташов. |