Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу №16/1
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосу АРИС тарабынан алынып келине турган Фронтальный погрузчик ХСМG LW300 FN ковшанын көлөмү 1,8м техникасын сатып алууда үч тараптуу алкактык келишимдин шарттарына ылайык акчалай каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосу АРИС тарабынан алынып келине турган Фронтальный погрузчик ХСМG LW300 FN ковшанын көлөмү 1,8м техникасын сатып алууда үч тараптуу алкактык келишимдин шарттарына ылайык , акчалай каражатын бөлүп берүү максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алай айыл өкмөтүнун 2018-жылдын бюджетинде каралган бөлүм беренесинде турган акча каражаты АРИС тарабынан алынып келине турган фронтальный погрузчик ХСМG LW300 FN маркасындагы ковшанын көлөмү 1,8 м/куб техникасынын жалпы баасы 2303000 (эки миллион үч жүз үч миң сомду) түзүп, келишимде көрсөтүлгөндөй айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү салым 25%ти 575750( беш жүз жетимиш беш миң жети жүз элүү) сом акча каражатын ЖЧ коомуна түзүлгөн үч тараптуу алкактык келишимдин негизинде которулуп берилсин.
2.Үч тараптуу алкактык келишимдин негизинде жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын “Автомаш Радиатор” ЖЧ коомуна которулуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ж.Рысбаевага милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кеңеш уулу Бектурсунга жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы:: | Н.Маташов. |