Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу №16/2
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылынын тургуну Аданов Орунбектин арызын кароо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жер Кодексинин 32-беренесинин 1-2-бөлүмчөсүн негизинде Алай айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылынын тургуну Аданов Орунбекке өзүнүн үйүнүн жанындагы айыл чарбасына жараксыз бош жаткан жерден 1500,00 м кв жер аянты көрктөндүрүп өздөштүрүү үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү документтерин даярдоо жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, Алай райондук жер кадастры кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына билдирүү берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү комиссиянын курамына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы:: | Н.Маташов. |