Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу №16/3
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын тургуну Абдразаков Шериктин арызын кароо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жер Кодексинин 32-беренесинин 1-2-бөлүмчөсүн негизинде Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын тургуну Абдразаков Шерикке Сопу-Коргон айылынын Ош-Сары-Таш жолунун боюнан айыл чарбасына жараксыз бош жаткан жерден 1800,00м кв жер аянты көрктөндүрүп өздөштүрүү үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү документтерин даярдоо жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, Алай райондук жер кадастры кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына билдирүү берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү комиссиянын курамына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы:: | Н.Маташов. |