Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу №16/4
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылынын тургуну Төрөканов Турсунбектин 05.03.2018-жыл сатуу сатып алуу келишими № 2018-1255 жеке менчиктеги жер аянтына мончо жана дүкөн куруу үчүн жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүп берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылынын тургуну Төрөканов Турсунбектин арызы жана коду 5-01-01-1004-0559 менен катталган жеке менчик жер участкасынын тиешелүү инвентаризациялык делосун,ошондой эле Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жумушчу чиймесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 49-беренесинин 1-6-бөлүмчөсү,12-беренесинин 1-2-бөлүмчөлөрүнө ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алай районунун Сопу-Коргон айылынын тургуну Төрөканов Турсунбектин 5-01-01-1004-0559 идентификациялык сыр белгидеги жеке менчикте турган жер тилкесине мончо жана дүкөн курууга 400,00 чарчы метр жер тилкеси бекитилип берилсин.
2.Юридикалык тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жана Алай райондук мамлекеттик жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына сунуш кылынсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы Кенеш уулу Бектурсунга жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы:: | Н.Маташов. |