Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын.26-сентябры № 18/2
Алай районунун Гагарин айылынын тургуну Атабаев Жантайдын 29.08.2018-жыл сатуу сатып алуу келишими № 2018-4861 жеке менчиктеги жер аянтына унааларды желимдөө куруу үчүн жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүп берүү жөнүндө
Алай районунун Гагарин айылынын тургуну Атабаев Жантайдын арызы жана коду 5-01-01-1004-0562 менен катталган жеке менчик жер участкасынын тиешелүү инвентаризациялык делосун, ошондой эле Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жумушчу чиймесин карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 49-беренесинин 1-6-бөлүмчөсү,12-беренесинин 1-2-бөлүмчөлөрүнө ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алай районунун Гагарин айылынын тургуну Атабаев Жантайдын 5-01-01-1004-0562 идентификациялык сыр белгидеги жеке менчикте турган жер тилкесине унааларды желимдөөчү иш канна курууга 220,00 чарчы метр жер тилкеси бекитилип берилсин.
2.Юридикалык тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жана Алай райондук мамлекеттик жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына сунуш кылынсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы Кенеш уулу Бектурсунга жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы:: | Н.Маташов. |