Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын.26-сентябры № 18/4
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылындагы 29.08.2018-жыл сатуу сатып алуу келишими № 2018-4456 муниципалдык менчикте турган жер аянтына спорт комплекс куруу үчүн жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүп берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылындагы муниципалдык менчикте турган жер аянтына спорт комплекс куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 49-беренесинин 1-6-бөлүмчөсү, 12-беренесинин 1-2-бөлүмчөлөрүнө ылайык, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылында жайгашкан 5-01-01-1004-0556 идентификациялык сыр белгидеги муниципалдык менчикте турган жер тилкесине спорт комплекс курууга 2388,00 м кв жер тилкеси бекитилип берилсин.
2.Юридикалык тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жана Алай райондук мамлекеттик жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына сунуш кылынсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы Кенеш уулу Бектурсунга жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы:: | Н.Маташов. |