Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры № 21/6
Кыргыз Республикасында 2020-жылы элди жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын жыйынынын 2018-жылдын 11-июлундагы №16-70-протоколун аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасында 2020-жылы элди жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын жыйынынын 2018-жылдын 11-июлундагы №16-70-прпотоколдук тапшырмасын аткаруу максатында жана ушул эле жыйында кабыл алынган календардык пландын негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХI отурумунун
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында 2020-жылы элди жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын жыйынынын 2018-жылдын 11-июлундагы №16-70-протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында жана ушул эле жыйында кабыл алынган календардык пландын негизинде
-К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндөгү калктуу конуштардагы көчөлөрдүн аты жазылган табличкалар жана номер белгилери менен камсыз кылууга жергиликтүү бюджеттен 60000 (алтымыш миң) сом
-Калктуу конуштардын пландарынын схемаларын 1:5000 масштабында түзүүгө жергиликтүү бюджеттен 140 000 (бир жүз кырк миң) сом жалпысынан 200000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы:: | Н. Маташов. |