К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХI отурумунун
2018-жылдын 17-декабры № 21/7
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө 2016-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри М.Д.Абулгазиевдин жетекчилигинде өткөн кеңешменин протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтомунун негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХI отурумунун
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнун тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145, 2014-жылдын 19-декабрындагы №175 токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Алай райондук мамлекеттик статистика К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү менен түзгөн келишими бекитилсин.
2. Келишимде белгиленгендей айыл өкмөтүндө статистика маселеси максатка ылайыктуулугун жана негиздүүлүгүнөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык статистика маселесин аткарып жаткан адиске жетектөөчү адистин маянасы төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комиссиясына тапшырылсын.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы:: | Н. Маташов. |