Загрузка документа…
КАРАГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы №16/1
Карагуз айыл өкмөтү боюнча 2019-жыл үчүн огород, мусор (айлана чөйронү тазалоо) жайыт жерлери үчүн юридикалык жер салыгы жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен алынуучу ижара акысын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Карагуз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карагуз айыл өкмөтү боюнча 2019-жыл үчүн огород, мусор (айлана чөйрөнү тазалоо) жайыт жерлери үчүн юридикалык жер салыгы жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен алынуучу ижара акылары төмөндөгүдөй бекитилсин.
- огород салыгы 1 кв.м 1 сом,
- жайыт жерлери үчүн юридикалык салык 1 га 6,75 сом,
- мусор салыгы (айлана чөйрөнү тазалоо) 1 жанга 5 сом
- сугат айдоого ижара акы 1 га 1000 сом
- кайрак айдоого ижара акы 1 га 400 сом
- чөп чабынды 1 га 300 сом болуп белгиленсин.
2. Бекитилген салыктарды өз убагында жыйноо жагы Айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳя жагы айылдык округдук Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык ѳнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Карагуз айылдык ѳкмѳтүнүн кирешелер боюнча жетектѳѳчү адис Т.Каденовго тапшырылсын.
Депутаттардын Карагуз айылдык Кеңешинин төрагасы:: | С. Оморов. |