Загрузка документа…
КАРАГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы №16/2
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомунун, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 16-ноябрындагы № 01/806 катынын негизинде Айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомунун негизинде Кара-Гуз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомунун, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 16-ноябрындагы № 01/806 каты Кара-Гуз айыл өкмөтүндө ишке ашырылсын.
2. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жаңы-Талаа айылына караштуу Келечек участкасындагы 220/10 контурунан 10.0 га, 238/17.2 контурунан 7.2 га, 221/10 контурунан 1.0 га жерлердин документтери трансформациялоого даярдалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кеңешинин агрардык. азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары. экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн милдетин убактылуу аткаруучу Т. Шерикбаевге тапшырылсын.
Депутаттардын Карагуз айылдык Кеңешинин төрагасы:: | С. Оморов. |