Загрузка документа…
КАРАГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын.26-апрели №18/2
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Вет адиси К.Апазовдун ишмердүүлүгүн кароо жана мал жандыктарга жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акысын бекитип берүү жөнүндө
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Вет адиси К.Апазовдун ишмердүүлүгү айрым кемчиликтерин эске алуу менен канааттандыраарлык деп табылсын Ветеринар кызматкерлеринин мал жандыктарга жугуштуу ооруларга каршы эмдөө кызмат акысы 2019-жылга
Жылкыга 40 сом
Кара малга 30 сом
Кой эчкиге 15 сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Карагуз айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт,миграция,туризм,саламаттыкты сактоо, комуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айылдык өкмөтүнүн Вет адиси К.Апазовго тапшырылсын.
Депутаттардын Карагуз айылдык Кенешинин төрагасы:: | С.Оморов. |