Загрузка документа…
КАРАГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын.26-апрели №18/3
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жайыт комитети Т.Нурматовдун Погрузчикти иштетүү мото саатынын отчету жайыт келишимин бекитүү жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 . Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жайыт комитети Погрузчиктин 2019-жылга чейинки иштеген мото саатын 2018-жылы айыл өкмөттүн аймагында жайыт чөп орунду жолдорду ондоого күйүүчү майы куюлуп акы алынбасын деген токтомдун негизинде фото документтери тиркелип такталсын.
2.Фронтальный погрузчиктин иштөө аракетиндеги 1-мото сааты үчүн акысы эсептелген тарифтин негизинде 2 600 сомго бекитилсин.
3.Кара-Гуз айыл өкмөтү Жайыт комитети погрузчикти жергиликтүү коомчулуктардын муктаждыктары үчүн күйүүчү жана майлоочу майларынан сырткары бекер пайдалануусу белгиленсин.
4.Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү иштери Жайыт комитети Т.Нурматовго милдеттендирилсин.Жайыт пайдалануучулардын жайлоого көчүү убактысы 2019-жылдын 15-майга калбастан көчүшсүн,ал эми келүү убактысы 2019-жылдын 10-августуна белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кенешинин агрардык,азык-түлүк,айыл жана суу чарба,жерге жайгаштыруу,жер жана жер ресурстары,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына,жана Жайыт комитети Т.Нурматовго тапшырылсын.
Депутаттардын Карагуз айылдык Кенешинин төрагасы:: | С.Оморов. |