Загрузка документа…
АК ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-декабры №66
Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын атуулуна ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн аймагында жетекчилик кызматтарда ж.б өзүнүн кесиби боюнча үзүрлүү эмгектенген атуулдардын эмгегин эл алдында баалап, даңктоо иштерин дайыма уюштуруп келет. Ошондой маанидеги Большевик айылынын тургундарынын чогулушунун протоколун талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын тургуну, эмгектин ардагери Ибраимов Жусупалиге Большевик айыл тургундарынын 2018-жылдын 11-ноябрындагы чогулушунун протоколунун негизинде жана көп жылдык үзүрлүү эмгектери бааланып «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Большевик айыл тургуну Ибраимов Жусупали мындан ары «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
3. Большевик айыл тургуну эмгек ардагери Ибраимов Жусупалиге «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:: | Б.Тургунбаев. |