Загрузка документа…
АК ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-декабры №67
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылдык маданият үйүнө наам берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши маданият тармагына да көңүл бөлүп, таланттуу, чыгармачыл адамдардын кыска мезгилде да элибиздин рухий маданиятына татыктуу салым кошуп кеткен инсаныбыздын эмгегин баалап, Большевик айыл тургундарынын 2018-жылдын 4-декабрындагы чогулушунун протоколун колдоого алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылдык маданият үйүнө Большевик айыл тургуну көптөгөн ырлардын, сатиралардын, обондордун автору Айдаров Салимбайдын ысымы берилсин Большевик айылдык маданият үйү мындан ары «Айдаров Салимбай атындагы айылдык маданият үйү» деп аталсын.
2. Айдаров Салимбайдын балдарына, урук туугандарына айылдык маданият үйүнүн материалдык-техникалык базасына келечектөө көмөк көрсөтүп берүүсү сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына жана айыл башчысына милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:: | Б.Тургунбаев. |