Загрузка документа…
АК ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры №68
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга пландаштырылган бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетин жана 2019-2020-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып алардын сунуштарынын негизинде Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 11893,8 миё сомго жана чыгаша бөлүгү 11331,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2019-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелери жана чыгашалары 10438,1 миё сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү 2019-жыл үчүн 5011,2 миң сом. 2020-жыл үчүн 5423,2 миң сом өлчөмдөрүндө бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. 2019-жылга чегерүүлөрдүн ченеми төмөндөгүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыганан жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан 50% өлчөмүндө:
б) ыктыярдуу патент негизиндеги салыктын, милдеттүү патентөө негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн- айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100% өлчөмүндө
в) жер казынасынан пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роляти) алардын иштелген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине-50% өлчөмдө:
г) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке -100% өлчөмдө белгиленсин.
5. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
6. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коефиценттерин жогорулатуу боюнча жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2016-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан алынган. Мыйзам менен бекитилген 2019-2020-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтуүнүн резервдик фонду 104,4 миң сом өлчөмдө бекитилсин .
8. Айыл өкмөтүнө 2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер ( эмгек акы. Социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек, жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
9. Айыл өкмөтү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларын каржылоого багытталсын.
10. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөттөрү жоопкерчилик тартаары белгиленсин .
11. Айыл өкмөт тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын .
12. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин .
13. Айланма кассалык калдык (оборотный наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жургүзулгөн накталай акча каражаты, 2020-жылдын 1-январына карата 30,0 мин сом белгиленсин.
14. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылы бюджеттин чыгаша бөлүмүнө белгиленип каржыланбай калган каражаттары 299,2 мин сом , атайын каражаттан 0,03 миң сом 2019-жылдагы бюджет аткаруу чегинде каржылоосу сунуш кылынсын.
15. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет , финансы , салык жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:: | Б.Тургунбаев. |