Загрузка документа…
АК ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры №69
Большевик айылынын көчөсүнө наам берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши Большевик айылынын тургундарынын 2018-жылдын 12-декабрындагы жалпы чогулушунун протоколунун негизинде жана Султанов Жаңыбайдын совхоз мезгилиндеги айылдын экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымын баалап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын жаңы конушундагы көчөгө Большевик айылын тургундарынын 2018-жылдын 12-декабрындагы жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Большевик айылынын тургуну совхоз маалында техника тармагында көп жыл үзүрлүү эмгектенген Султанов Жаңыбайдын наамы берилсин.Мындан ары ал көчө «Султанов Жаңыбай атындагы көчө» деп аталсын.
2. Султанов Жаңыбайдын балдарына, урук-туугандарына көчө боюндагы үйлөргө катар номер берип, санитардык тазалык иштерин жүргүзүп туруусу тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Большевик айылынын айыл башчысы К.Бусурманкуловго жана айылдык кеңештин «Социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:: | Б.Тургунбаев. |