Загрузка документа…
КАРА КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 22-марты №17/1
Айыл өкмөтүн аймагындагы Кара-Кочкор , Сары-Булак Ак-Кыя айылдарындагы ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча болуп өткөн элдик жыйындын токтомдорун жана кабыл алынган жобону бекитүү жөнүндө
Кара-Кочкор айылдык округунун кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүн аймагындагы Кара-Кочкор, Сары-Булак, Ак-Кыя айылдарындагы ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча болуп өткөн элдик жыйындын токтомдору , айыл өкмөтүн алдында түзүлгөн комиссиянын курамы жана кабыл алынган жобо бекитилсин.
2.Ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча ар бир айылда түзүлгөн комиссия жасаган иштери боюнча, айыл өкмөтүнүн алдындагы комиссияга ар бир айдын аягында отчет берип туруу жагы тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүн башчысы К.Асанов жылына бир жолу ыксыз чыгымдар боюнча, айылдык кенештин сессиясында депутаттарга отчет берип туруу жагы жүктөлсүн.
4.Айыл өкмөтүн аймагындагы бардык айылдарда ыксыз чыгымдарды, кыскартуу боюнча дайыма түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турулсун.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын
Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин төрагасы:: | Э. Жакеев. |