Загрузка документа…
КАРА КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-марты №17/2
Кыргыз Республикасынын Ош шаары , Ош, Жалал-Абад ,Баткен облустары боюнча эсептөө палатасынын № 01-12/84 12. 02. 2019-жылдагы жазма буйругун кароо боюнча
Кара – Кочкор айылдык округунун кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош шаары , Ош, Жалал-Абад , Баткен облустары боюнча эсептөө палатасынын № 01-12/84 12. 02. 2019- жылдагы жазма буйругу боюнча Кара-Кочкор айыл өкмөтүндөгү 2016- 2017- жылдардагы финансалык- чарбалык иштерин текшерүүдөгү кемчиликтери ордуна коюлгандыгы белгиленсин .
2. Финансалык эрежелерди толук кандуу аткарбай кемчиликтерди кетиргендиги үчүн жооптуу кызматкерлерге чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин социалдык маданий , билим берүү , спорт , миграция , туризм , саламаттыкты сактоо , коммуналдык жана муниципалдык менчик , маалымдуулук , жаштардын иштери , социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо , экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы И. Курманбаевге ) тапшырылсын
Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин төрагасы:: | Э. Жакеев. |