Загрузка документа…
КАРА КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-марты №17/3
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18- беренесинин 4-пунктуна ылайык , Кара-Кочкор айылдык аймагынын 2019- жылынын 12.03 № 24 буйругунун негизинде , “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун Түштүк аймактык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Кара-Кочкор айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо материалдарын карап чыгып , Кара-Кочкор айылдык округунун кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо боюнча даярдалган материалдары бекилсин .
1. Кара-Кочкор айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча материалдарын , райондун мамлекеттик администрациясына бекитип берүүгө киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2017- жылдын бирдин айынын 13- дөгү № 36 буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын .
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К. Асановго милдеттендирилсин .
Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин төрагасы:: | Э. Жакеев. |