Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № 56
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. И. Бакировдун КР Финансы Министрлигине үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоо үчүн “Жылдыз-Нуру” бала бакчасынын аймагын тосмолоо боюнча долбоорун жибере тургандыгы жана долбоорду ишке ашырууда кошумча төлөмгө акча каражатын бөлүп берүү, долбоордун баасы 1511,6 миң сом, кошумча төлөмдүн өлчөмү – 453,5 миң сомду б. а. 30%ды түзөөрү жөнүндө докладын угуп жана талкуулап, Биринчи Май айыл кеңештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоого жиберүүлүчү “Жылдыз-Нуру” бала бакчасынын аймагын тосмолоо долбоору 1511,6миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагуловага 2019-жылдын бюджетин түзүүдө “Жылдыз-Нуру” бала бакчасынын аймагын тосмолоо долбооруна кошумча төлөмгө 453,5 миң сом акча каражаты каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.И. Бакировго жүктөлсүн.
Төрага |
| С.У. Дунганов |