Загрузка документа…
КАРА КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-майы №18/1
Жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана айлана чөйрөнү тартипке келтирүү боюнча айыл башчылардын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Кара – Кочкор айылдык округунун Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кара – Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү , айлана чөйрөнү тартипке келтирүү боюнча айыл башчылардын жүргүзүп жаткан иштери айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп белгиленсин .
2. Айыл башчылар өздөрүнүн айылдарындагы үйлөрдү актатууну , короо жайларды иретке келтирүүнү уюштурушсун .
- айыл ичиндеги ички арыктарды казуу үчүн элди уюштуруу менен жол боюндагы аялдамаларды арыктарды калыбына келтиришсин .
- тез аранын ичинде жол боюндагы көрнөктөрдү мезгил талабына ылайык ондоп түзөшсүн .
- айыл жериндеги жолдорду , көпүрөлөрдү ондоо , эски суу түтүктөрүн ондоону колго алышсын .
3. Бул токтомдун аткарылышын Кара – Кочкор айылдык округунун кенешинин агрардык , азык – түлүк , айыл жана суу чарба , жерге жайгаштыруу , жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын .
Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин төрагасы:: | Э. Жакеев. |