Загрузка документа…
КАРА КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-майы №18/2
Жергиликтуу имамдар менен биргеликте диний саясаттын негизги багыттары боюнча тиешелүү иштерди алып баруу жөнүндө
Кара – Кочкор айылдык округунун кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын имамдары , коомчулук менен бирдикте айыл өкмөтүнүн аймагындагы кылмыштуулуктун , динний экстремизмдин , терроризмдин алдын алуу боюнча иш чараларды күчөтүшсүн .
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы дин башкармалыгынын каттоосунан өтө элек мечиттердин тийиштүү болгон документтерин каттоодон өткөрүү жагы уюштурулсун
3. Айыл өкмөттүн аймагындагы айылдардын имамдарына , айыл башчыларына диний ырым-жырым, каада –салт , үрп адаттар жана исрапкорчулукка каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн .
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин мыйзамдуулук ,укук тартиби, мандат ,кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин төрагасы:: | Э. Жакеев. |