КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XII сессиясы
2019-жылдын 19-июну №3
Кыргыз Республикасынын“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик объектилеринин реестрине ээ болуу жөнүндө 9-беренесине ылайык Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчикте турган объектилердин реестри бекитилсин.
2. Муниципалдык менчикте турган объектилердин реестрин тактоо айыл өкмөттүн жер адистерине милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы И.Каиповго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | И.Каипов. |