Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну №4
Абдураимов айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратын куруу боюнча түзүлгөн долбоорду каржылоого акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси», « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамын жетекчиликке алып, Кеңеш айыл аймагынын Абдураимов айылындагы «Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратын куруу» боюнча эң көйгөйлүү (приоритетный) долбоорун каржылоо максатында бюджет, каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетинин отурумунун токтом долбоорун депутаттар талкуулап, Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абдураимов айылындагы «Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратын куруу» Кеңеш айыл Өкмөтүнүн эң көйгөйлүү (приоритетный) маселеси деп табылсын жана Жалал-Абад областык өнүктүрүү фонд мекемесине тийиштүү иш кагаздарын тапшыруу жагы Кеңеш айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Абдураимов айылындагы эн көйгөйлүү (приоритетный) маселе деп табылган «Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратын куруу» боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында 1000000 (бир миллион ) сом акча каражатын Кеңеш айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджет эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Бул акча каражатын убагында каржылоо Кеңеш айыл Өкмөтүнүн башчысы Р. Б. Омурзаковко жана Кеңеш айыл Өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С. Капаровага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун максаттуу аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | И.Каипов. |