КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XII сессиясы
2019-жылдын 19-июну №6
Жайыт комитетиндеги авто грейдир 98дин айдоочусунун айлык маянасын кароо жөнүндө
Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты К.Айдаровдун сунушуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетиндеги авто грейдир 98дин айдоочусунун эмгек маянасын 2018-2019-жылдарга биригип 80 000 (сексен миң) сом айына 5000 (беш миң) сомдон эмгек акысы, штат бирдиги каралсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | И.Каипов. |