Редакцияот 19.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XII сессиясы

 

2019-жылдын 19-июну №7

Кеңеш айыл аймагындагы 1-Май айылына спотр аянтча ачуу жөнүндө

Кеңеш айыл аймагынын башчысы Р.Б.Омурзаковдун кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 1-Май айылындагы Меке топурак мечитинин аркасына спорт аянтчасына жер ажыратууга макулдук берилсин.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы::

И.Каипов.