Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну №8
Кош-Короого тай казан ачуу жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын башчысы Р.Б.Омурзаковдун кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Кош-Короо участкасына “Көк Бөрү” спортун өнүктүрүү үчүн тай казан курууга уруксат берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарылышын Кеңеш жайыттын башчысы К.Айдаровко жүктөлсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы И.Каиповго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | И.Каипов. |