Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № 57
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. И. Бакировдун КР Финансы Министрлигине үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоо үчүн кичи футбол талаасын куруу боюнча долбоорун жибере тургандыгы жана долбоорду ишке ашырууда кошумча төлөмгө акча каражатын бөлүп берүү, долбоордун баасы 3500,0 миң сом, кошумча төлөмдүн өлчөмү – 1050,0 миң сомду б. а. 30%ды түзөөрү жөнүндө докладын угуп жана талкуулап, Биринчи Май айыл кеңештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоого жиберүүлүчү кичи футбол талаасын куруу долбоору 3500,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагуловага 2019-жылдын бюджетин түзүүдө кичи футбол талаасын куруу долбооруна кошумча төлөмгө 1050,0 миң сом акча каражаты каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.И. Бакировго жүктөлсүн.
Төрага |
| С.У. Дунганов |