Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну №9
Жайыт пайдалануучулардын планын кыскартып берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Доңуз ойнор, Партизан, Кичи жана Чоң Сары-Жайык участкаларындагы кайракы жана чөп чабынды жерлерди караган кароолчу жок болгондуктан короо сарайларга жакын үчүн мал, кой жеп түзүлгөн актынын негизинде өкмөт башчысы Р.Б.Омурзаковдун сунушуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткарууда Кеңеш айыл аймагынын Доңуз ойнор, Партизан, Кичи жана Чоң Сары-Жайык участкаларындагы кайракы жана чөп чабынды жерлери Кеңеш айыл өкмөтүнүн планынан кыскартылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы И.Каиповго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | И.Каипов. |