Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну №12
Могол-Коргон айылына мүрзөгө жер ажыратуу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Могол-Коргон айылынын элинин кайрылуусунун жана туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз мүрзөгө жер ажыратуу жөнүндө Кенеш айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектүү XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Могол-Коргон айыл тургундарына К.Б.Фнун жеринен 2 (эки) гектар жер аянты муниципалдык менчиктин рээстрине киргизилип мазар үчүн пайдаланууга берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | И.Каипов. |