Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-январы №1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омурзаковдун 2015-жылга аткарылган иштери боюнча берген отчету жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омурзаковдун 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде каралган смета боюнча аткарган жумушунун жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |