Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-январы №2
Базар-Коргон райондук прокуратурасынын 18.01.2016-жылдын №12-11/2-5д-16 чыгыш менен катталган каршылык билдирүүсү жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын № 2 сандуу токтому Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамдарынын талаптарына каршы келгендиктен А.Божуевди Кеңеш айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы кылып бекиткен № 2 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
Жайыт пайдалануучулар Кеңешинин төрагасына Жайыт комитетинин төрагасын шайлоо, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын талаптарына жана жайыттарды пайдалануучулар бирикмесинин Уставынын талаптарына ылайык жүргүзүү милдеттендирилсин.
Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |