КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
2016-жылдын.26-январы №3
Индиго балдар бакчасына мөөр, штамп алуу жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Аук айылында 3/90 орундуу “Индиго” балдар бакчасы ишке киргизилсин.
2. “Индиго” балдар бакчасына мөөр, штамп алууга акча каражаты жергиликтүү бюджеттен берилсин. Кагаз иштерин даярдоо балдар бакчасынын жетекчиси Парманова Назгүлгө жүктөлсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К. Аттокуров. |