Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын.26-январы № 4
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Коткор участкасынын жашоочулары жазган арызы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Коткор участкасынын жашоочулары жазган арызын карап жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Коткор участкасынын жашоочуларынын жазган арызы боюнча 5-март 2015-жылдагы Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясындагы № 26 токтому күчүндө калсын.
2. Токтомго ылайык Коткор участогу Коткор айылы деп табылсын. Коткор деген тарыхый аты өзгөртүлбөстөн калтырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э. Арзыкуловко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К. Аттокуров. |