Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-январы №5
Коммуналдык чарбага атайын техника сатып алуу долбоору жөнүндө
Кеңеш айыл аймагындагы айылдарды ивистициялоо долбоору боюнча түзүлгөн жумушчу топтун сунушуна негиз, Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылды инвистициялоо долбооруна сунушталган долбоордун өздүк салымына Кеңеш айыл аймагынын бюджетинен 338000 (үч жүз отуз сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын таап берүү жагы Кеңеш айыл аймагынын ФЭНнүн башчысы С.Капаровага, бюджет жана экономика комитетке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |