КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
2016-жылдын 26-январы №6
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Шыдыр айылындагы Тандоо участкасынын жашоочулары жазган арызы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Шыдыр айылындагы Тандоо участкасынын жашоочулары жазган арызын карап жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат берүү боюнча комитеттин кортундусунун негизинде Тандоо участкасындагы жаңы көчөгө Саитов Абдираимжандын ысымы берилсин.
2. Шыдыр айылындагы Тандоо участогундагы жаңы көчөнүн Саитов Абдираимжан деп аталышын жаздырып, катар үй номурун койдуруу, көчөнү жашылдандыруу, көчөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышы Саитов Абдираимжандын уул кыздарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун 2-пункту аткарылбаган учурда коюлган ысым жокко чыгарылсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К. Аттокуров. |