Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № 58
“Кыргыз Битум” ЖЧКнун Петровка а. 141-жол айрылышында жайгашкан ага таандык аянты 2,4 га жер участогун айыл чарба багытындагы жерлерди – склад категориясын өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө арызын карап чыгып жана “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 6-бөлүгүнүн 13-абзацына жана 7-беренесинин 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун 17-пунктунун 2-абзацынын, жер участогун которуу боюнча райондук комиссиянын 2018-ж. № 1411 актынын корутундусу, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 246-б “Биринчи Май айыл аймагында жайгашкан жер участогун бир категориядан башка категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө” буюрмасына ылайык, Биринчи Май айыл кеңештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Биринчи Май айыл аймагында 141-жол айрылышында жайгашкан аянты 2,4 га жер участогун “айыл чарба багытындагы жерлер” склад (курулуштар) категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
Төрага |
| С.У. Дунганов |