Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-январы №7
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жазган сунушу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 22-январь 2016-жылы чыгыш № 01-6/32 катында жазган Совет айылында жайгашкан “Росинка” балдар бакчасын Кеңеш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылында жайгашкан “Росинка” балдар бакчасын 34760 кв.м. жер аянты менен “Кара-Үнкүр суу курулушу” Ачык Акционердик Коомунун 12-ноябрь 2015-жылдагы № 7 протоколун, “Кара-Үнкүр суу курулушу” Ачык Акционердик Коомунун 16.11.2015-жылдагы №1 буйругунун негизинде акысыз Кеңеш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.
2. “Росинка” балдар бакчасын баланска алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Омурзаковко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К. Аттокуров. |