Редакцияот 26. 01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXX-сессиясы

 

2016-жылдын 26-январы №9

Кызыл-Октябрь балдар бакчасына мөөр, штамп алып мыйзамдаштырууга жазган Г.Сарымсакованын кайрылуусу жөнүндө

Кеңеш айылдык Кеңешинин VI  чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Кызыл-Октябрь айылында ачылган Мастура Абдыкадырова атындагы балдар бакчасына мөөр, штамп алуу, иш кагаздарын мыйзамдаштыруу жагы Мастура Абдыкадырованын балдарынын өздүк жана жалпы ата-энелер салымынын атайын эсебинен каржылансын.

2. Мастура Абдыкадырова атындагы балдар бакчасына мөөр, штамп алууга иш кагаздарын мыйзамдаштыруу жагы Мастура Абдыкадырова атындагы балдар бакчасынын жетекчиси Сарымсакова Гулшайырга милдеттендирилсин.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына  милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы::

К.Аттокуров.