Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-январы №10
Шыдыр айылынын жашоочуларынын арызы жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Шыдыр айылынын муниципалдык менчиктеги мазар үчүн ажыратылган жер аянтынан 0,30 га жер аянтын эски балдар бакчасынын оордуна мыйзамдуу алмаштырылып берүү жагы айыл өкмөтүнүн юристине, жерге жайгаштыруу адистерине жана жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К. Аттокуров. |