Редакцияот 26.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXX-сессиясы

 

2016-жылдын 26-январы №11

Кенеш айыл өкмөтүнүн чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын коэфицентин базалык ставкасын коюп берүү сунуш жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин 6-пунктунун талаптарын карап чыгып, талкуулап Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагынын тургундарынын жашоо шартын эске алып, айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары мурда белгиленген коэфиценттер менен калтырылсын.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э. Арзыкуловко милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы::

К. Аттокуров.