Редакцияот 24.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы

2016-жылдын 24-февралы №2

 Кеңеш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016 жылдан калдык болуп калган 244,7 сом жана атайын каражаттардын 70911-раздел балдар бакчасынан 22,2 сом акча каражаттары 2016-жылга сарпталышы жөнүндө

 Кеңеш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылдан калдык болуп калган 2477,7 сом атайын каражаттардын 70911-раздел балдар бакчасынан 22,2 сом акча каражаттары 2016-жылга сарптоо үчүн айылдык Кеңештин “Бюджет жана экономика”боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Капарова Савлинин билдирүүсүүн угуп жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдан калдык болуп калган 2477,7 сом атайын каражаттардын 70911-раздел боюнча балдар бакчасынан 22,2 сом акча каражаттары 2016-жылдын пайдалануусу жактырылсын.

2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2016-жылдагы калдык акча каражаттарынын төмөндөгү разделдерге 701-разделдин 2215-статьясына 2173,8 сом 2511 статьясына 229,9 сом жана 2721 статьясына 74,0 сом атайын каражаттан калган акча каражаты 70911 раздел балдар бакчасына 2215 статьясына 22,2 сом сарпталышы бекитилип, райондук каржы бөлүмүнөн такталган планга киргизип берүү жагы суралсын. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы эл депутаттарынын Кеңеш айылдык Кеңешинин “Бюджет жана экономика”боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл округунун финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Капаровага жүктөлсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы::

К. Аттокуров.