Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы №4
Кеңеш-Суу СПАсынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кеңеш – Суу СПАсынын кайрылуусунда 2005-2007-жылдарда ички иригациядагы каналдарды кайрадан ремонттоп, реабилитациядан өткөргөн. Аткарган жумуштар ПВО-1 долбоору аркылуу Дүйнөлүк банктан 25453524 сомдук кредит алынып, алынган акчаны 25 пайызын 2014-2023-жылдарга түзүлгөн график боюнча кайтарымы келип калганын билдирет. График менен төлөө үчүн КБФнын жерлеринин эсебинин төлөнүүчү акча каражатын сурагандыгы жөнүндө Кеңеш айыл өкмөтүнүн 22.02.2016-ж. Чыгыш № 01-6/113 катына негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дүйнөлүк банктын 25 пайыздык кредитин КБФнын жерине төлөө боюнча Кеңеш-Суу СПАсы сураган 169856 сом акча каражатын убактылуу 2016-жылдын 31-декабрына чейин пайызсыз кайтарымы менен берүүгө уруксат берилсин.
2. Жыл этегинде суу пайдалануучулардын суунун төлөмүн алгандан кийин айыл аймактын кассасына кайтаруу Кеңеш – Суу СПАсынын жетекчисине жүктөлсүн.
3. Каралган акча каражатын таап берүү жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровага милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К. Аттокуров. |