Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы №5
Кеңеш айыл аймагынын элин таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө
Мүрөк Суу ИСКАКБнын тейлеген айылдарын таза суу менен камсыздап элди ар кандай жугуштуу оорулардын коркунучунан алдын алуу максатында Кеңеш айыл өкмөтүнүн катына негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мүрөк Суу ИСКАКБнын тейлеген айылдардагы ар кандай жугуштуу оорулардын коркунучунан алдын алуу максатында таза суу менен камсыздоо үчүн керектелүүчү суу насос жана трансформаторун ремонттоп берүүгө 200000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Каралган акча каражатын таап берүү жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровага жана Бюджет жана экономика туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү”Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К. Аттокуров. |