Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы №6
Муниципалдык менчикте турган “Зерно двор”дун (дан кампанын)2010-жылдан 2012-жылга чейинки жагылган электр энергиядан болгон карызын жоюу жөнүндө
Муниципалдык менчикте турган “Зерно двор”дун (дан кампанын) 2010-жылдан 2012-жылга чейинки жагылган электр энергиядан болгон карызын жоюу максатында Базар-Коргон РЭТинин 12.02.2016-жылдагы чыгыш № 54 катына, Кеңеш айыл өкмөтүнүн 22.02.2016-жылдагы чыгыш №01-6/112 катына негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикте турган “Зерно двор”дун (дан кампанын) 2010-жылдан 2012-жылга чейинки жагылган электр энергиядан болгон 16323 (он алты миң үч жүз жыйырма үч) сом карызын ижарачылардын ижарасынын эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү”Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К. Аттокуров. |