КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы
2016-жылдын 24-февралы №8
Элдин коопсуздугун сактоо жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын борборунан элдин коопсуздугун сактоо максатында участкалык инспекторлорго шарт түзүү үчүн Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын борборунан элдин коопсуздугун сактоо максатында участкалык инспекторлорго шарт түзүү үчүн Кеңеш айыл өкмөтүндөгү “Бабаш-Ата” маданият үйүнөн эки бөлмө ажыратылып берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү”Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К. Аттокуров. |