Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы №9
Кеңеш айыл аймагындагы бала бакчаларын ыссык тамагына ата энелердин салымы жөнүндө
“Ак-Бермет” 09.06.2015-жылдагы чогулуштун № 4 протоколу, “Жеткинчек” 06.01.2010-жылдагы чогулуштун № 4 токтому, “ИНДИГО” 05.01.2016-жылдагы чогулуштун №2 протоколу, Мастура Абдыкадырова 23.12.2015-жылдагы чогулуштун №1 протоколдорунун негизинде Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу №3 “Ак-Бермет”, № 21 “Жеткинчек”, № 25 “М.Абдыкадырова, № 26 “Индиго” балдар бакчаларында тарбиялануучу балдардын ата энелеринин сунушу колдоого алынсын.
2.Бала бакчада тарбияланган ар бир балага ыссык тамагына ата энелердин салымы айына 400 (төрт жүз) сом деңгээлинде бекитилсин.
Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин бюджет, муниципалдык менчик инвестиция, ишкердик кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү”Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |