КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы
2016-жылдын 15-июлу №1
Кеңеш айыл аймагынын Кеңеш жайыт комитети жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Кеңеш жайыт комитетинин төрагасы А.Божуевдин 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматын, отчетуна жана 2016-жылга кабыл алган болжолдуу бюджеттерин, иш планын Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясында угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш жайыт комитетинин 2015-жылга жүргүзгөн иштери боюнча отчету жактырылсын.
2. 2016-жылга сунушталган болжолдуу бюджети, иш планы бекитилсин.
3. Кеңеш жайыт комитетинин 2016-жылга сунушталган бюджетинин эмгек акы боюнча бөлүмү 222 миңден ашпасын.
4. Жайыт комитетинин штаттык бирдиги: 1 жайыт комитетинин төрагасы, 1 инспектор, 1 бухгалтер, жалпы 3 штат болуп бекитилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э. Арзыкуловко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К. Аттокуров. |