Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июлу №3
Кеңеш айыл аймагынын 2016-жылга атайын каражат эсебинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү HELVETAS Swiss ihltercooperatioh (ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркорпорейшн) Ассоциациясыын Кыргыз Республикасындагы филиалы өнүктүрүү саясат институту менен консорциумда ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагы боюнча Кеңеш айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Р.Омурзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү HELVETAS Swiss ihltercooperatioh (ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркорпорейшн) Ассоциациясы Кыргыз Республикасындагы филиалы өнүктүрүү саясат институту менен консорциумда ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагы боюнча техникалык жардам көрсөтүү үчүн каржыланган 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты жактырылсын.
2. .Кеңеш айыл аймагынын өкмөтүнүн атайын каражат эсебинин сметасынын киреше бөлүмүнүн сметасына өзгртүүлөрдү киргизүүгө 250,0 (эки жүз элүү миң) сомго жана чыгаша бөлүмдөрүнүн 701 разделдин 22111100 статьясына Кызматтык сапар чыгымын транспорттук чыгымына 31,0 миң сом, 22221100 статьясынын учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алууга 5,0 миң сом, 22151200 Консультаттардын тейлөө кызматына 17,0 миң сом, 22154900 дагы башка кызмат көрсөтүүлөр чыгымдарга 173,8 миң сом, 22181100 тамак аш азыктарын алуу 23,2 миң сом жалпы 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты 2016-жылдын II-кварталына кириштелсин.
3. .Бул токтомду аткарууга алуу айыл амагынын ФЭБ башчысы С.Капаровага милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык Кеңешинин “Бюджет жана экономика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К. Аттокуров. |